Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.
Департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы Юнусалиев 179/1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу эки блоктон турган үйдүн жашоочулары менен жолугуп, объектинин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын (акт ввода в эксплуатацию) тапшырды.
Аталган объект “МЗМ строй” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, 11 жылдан бери пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.
Белгилей кетсек,
Курулуш министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан
баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү
иштерди жүргүзүп келет.


