icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Мангыт айылындагы мектеп капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Оңдоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түзөт. 

Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы бөлүктөрү ремонттолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт өчүрүү системалары жаңыдан коюлду. 

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулуп, ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.