Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Манас шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү Роза Азимова көчөсү 53 дарегиндеги “Азия Стиль Плюс” ЖЧКсы тарабынан салынган А, Б, В, Г блокторунан турган 9 кабаттуу турак жайга карата уюштурулду. Иш-чаранын максаты аталган объектинин курулуш ченемдериндеги шайкештигин жана сейсмикалык туруктуулугун аныктоо болуп саналат.
Натыйжада, объект боюнча бардык техникалык документтер изилденип, объектинин конструкциялык схемасы, элементтердин өлчөмдөрү алынат. Ошондой эле, зарыл болгон чиймелерин түзүү, кемчиликтердин жана бузулуулардын пайда болуу себептерине талдоо жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.


