icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан-Азербайжан: Курулуш тармагындагы кызматташуу

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында тажрыйба алмашуу максатында Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Довлетхан Довлетханов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы уруксат берүү тартибин жакшыртуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери кеңири талкууланды. Андан тышкары, электрондук платформалар аркылуу курулуштагы уруксат документтерин берүү процессинин теориялык аспектилери каралып, тажрыйба алмашуу боюнча өз ара пикирлер айтылды.

Бул иш-чаралар эки өлкөнүн курулуш тармактарынын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталат.