Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Долбоор республикалык бюдеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылды. Объекттин тендердик баасы 77 миллоин сомду түзөт. Бала бакча 90 орунга ылайыкталып заманбап эки кабаттан турат. Башкы план боюнча жалпы аянты 892 чарчы метр болгон имаратта уктоо, ойноо, тарбиялык саат өтүү бөлмөсү жана ашканасы бар. Мындан сырткары сырткы ойноо аянтчасы да каралып, курулуш стандартынын негизинде салынды.


