icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Дизайн-код боюнча иретке келтирүүнүн экинчи этабы башталат

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы “Бишкек шаарынын дизайн-коду” эрежелерин ишке ашыруунун алкагында турак жайлардын фасаддарына текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Эми Дизайн-кодду ишке ашыруунун экинчи этабы башталат. 

Экинчи этаптын алкагында:

- турак жай батирлеринин сырттагы кондиционер блокторун;

- фасаддарга жайгаштырылган интернет жана электр зымдарын;

- өз алдынча айнектелген балкондор;

- уруксатсыз орнотулган кошумча конструкциялар боюнча иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Дизайн-код боюнча интернет зымдары сыртка чыкпай иреттүү жайгаштырылып, кондиционерлер терезенин жанына орнотулушу керек. Ал эми балкондорго кошумча курулуш жүргүзүлбөшү шарт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары, жашаган турак жайыңызды Бишкек шаарынын Дизайн-кодунун талаптарына ылайык иретке келтирүүгө чакырабыз.