icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Манас" аэропортундагы жаңы асфальттын сапаты текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесине төшөлгөн жаңы асфальт-бетондун сапатына сыноо жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн алкагында адистер битумдун жана асфальт-бетондун өзөктөрүнүн үлгүлөрүн алып, аларды физика-механикалык көрсөткүчтөр боюнча кийинки сыноолорго даярдашты. Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча материалдардын сапаты белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоочу сыноо протоколу даярдалат.

Алынган маалыматтар учуу-конуу тилкесинин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат, бул анын коопсуз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.