icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Жер-Үй айылындагы жаңы мектеп жакында ачылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Жер-Үй айылындагы 150 орундуу мектеп жакында пайдаланууга берилет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Объекттин тендердик баасы 93 миллион сомду түзөт. 

Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, быйыл толук бүткөрүлдү. Башкы план боюнча жалпы аянты 1423 чарчы метрди түзгөн бир кабаттуу окуу корпус заманбап спорт залы менен салынды. 

 Учурда эмеректер иретке келтирилип, тазалоо иштери жүрүп жатат.