icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Жаңы-Жер айылында жаңы мектеп курулууда

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы мектептин курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт. 

Башкы план боюнча мектеп 500 орунга ылайыкталып, үч блоктон турган имарат. Объекттин жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга бүткөрүлүп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. 

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 2004-жылы пайдаланууга берилген.