Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан “Дөөлөт Курулуш” ЖЧКсынын объектилерине кезектеги текшерүү жүргүзүлдү.
Депатраменттин
директору Эрназар Суеркулов аталган копманиянын курулуш объектилерин кыдырды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кудайберген” турак жай копмлексинде дубалга шыбак тартуу, фасадды жылуулоо, ысык суу жана канализация сыяктуу инженердик системаларды тартуу иштеринин негизги бөлүгү аяктап калганы маалым боду. Ошондой эле айрым блоктордо электр зымдарын тартуу иштери жүрүп жатат.
Ал эми “Шопоков” турак жай комплексинде бир катар курулуш иштери аяктап, кээ бир бөлүгүндө жерди тегиздеп даярдо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.
Белгилей кетсек,
буга чейин департаменттин директору Эрназар Суеркулов аталган компаниянын үлүш
ээлери менен август айында жолуккан. Алар курулуштун жай жүрүп жатканын жана
бир катар маселелер боюнча тынчсызданууларын билдирген. Департамент тарабынын
курулуш жетекчилигине эскертүү берилип, курулушту жандандыруу боюнча талап
коюлган. Мындан улам, курулуш объектилери иштин жүрүшү боюнча тынымсыз көзөмөлдөнүп
келет.


