icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Араван районунун кире беришиндеги арканын эскиздик долбоору

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук башкармалыгы тарабынан Араван районунун кире беришиндеги арканын эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, эсиздик долбоор Араван районунун 90 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чаранын алкагында райондун башкы аркасын жаңылоо максатында даярдалды. Ошондой эле, сырткы көрүнүшүн реконструкциялоо менен катар айлана чөйрөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү да каралган.