icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Топографиялык сүрөткө тартуу эмне үчүн керек?

Топографиялык сүрөткө тартуу-бул кыймылсыз жана капиталдык курулуш объектилерин так өлчөп-чийүү. Бул үй же кандайдыр бир объектинин курулушу башталганга чейин гана эмес, газ түтүктөрүн тартуу сыяктуу иштер үчүн да зарыл.

Бишкектеги жер тилкелеринин топографиялык пландарын Топографиялык сүрөткө тартуу жана шаардык аткаруу бөлүмү даярдайт. Бул пландар кийин көп кабаттуу үйлөрдү, жолдорду, тротуарларды, спорт аянтчаларын жана башка долбоорлорду пландаштырууда колдонулат. 

Эгер жер тилкеңиз бар болсо жана ал жерге үй курууну пландап жатсаңыз, эң биринчи кадам – бул жерди топографиялык сүрөткө тарттыруу. Бул сизге объектинин так жайгашкан жерин аныктоого жардам берет. Эгерде жер астындагы коммуникациялар, башкача айтканда, инженердик тармактар бар болсо, алар ошол топографиялык изилдөөдө көрсөтүлүшү керек.

Топографиялык сүрөткө тарттыруу үчүн Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин шаар жана райондордогу башкармалыктарына кайрылып, арызынызды "Бирдиктүү терезе" бөлүмү аркылуу калтырсаңыз болот.