icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кум жана шагыл чыгаруучу завод текшерилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында жайгашкан кум жана шагыл чыгаруучу завод текшерүүдөн өтүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган заводдун тиешелүү сертификатынын мөөнөтү аяктаган. Ага байланыштуу сертификатты узартуу үчүн өндүрүлгөн продукциянын сапаты кайрадан текшерүүдөн өтүш керек. 

Текшерүү учурунда адистер өндүрүш жайларын кыдырып, техникалык документтерди изилдеди жана сертификаттоо сыноолору үчүн кум менен шагылдын үлгүлөрү алынды. 

Сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын белгиленген стандарттарга ылайык келээри же келбестиги тууралуу чечим кабыл алынат.