Бүгүн, 22-октябрда
Бишкек шаарынын Симферопольский 8 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет) дарегинде
жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы
боюнча видео кайрылуу келип түшкөн.
Курулуш
министрилигинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо
башкармалыгы тарабынан курулуш объектисине толук текшерүү жүргүзүлүп,
административдик чаралар көрүлдү.
Маалым болгондой,
“Нур Имарат Курулуш” ЖЧКсы тарабынан көп кабаттуу турак үй салынып жаткан
объектиде үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралган эмес. Ошондой эле, эмгек
коопсуздугунун талаптары жана Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери (СН КР
12-02:2018) бузулгандыгы аныкталган.
Натыйжада, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин, башкармалык тарабынан курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду. Мындан сырткары, акт түзүлүп, протоколдун негизинде айып пул салуу токтому чыгарылды.
Урматтуу жарандар!
Эгер курулуш
объектисиндеги иштер курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык жүргүзүлбөй
жаткандыгы аныкталса Курулуш министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар сөзсүз
көрүлөт.


