icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Камчыбек Ташиев жаңы спорт комплексинин курулушуна капсула салды

Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды.

Иш-чарага, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. 

Жаңы спорт комплекс реконструкциядан өткөрүлө турчу “Адилет” паркында курулат. Аталган спорт комплексинин жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттан турат.

Долбоорго ылайык, комплекс административдик жана спорттук болуп экиге бөлүнүп, эки спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү ошондой эле заманбап шарттар каралган. Долбоордун сметалык баасы 150 млн.сом. 

Курулуш иштери Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, “Бай-Алим” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы учурда пайдубал куюу иштери башталган.

Объектти 2026-жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.