Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борбордун курулушуна мезгил кутусун салды.
Иш-чарага, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Маданий борбордун курулушу толук Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө болуп, “Барс-курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт. Долбоор Президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат. Жалпы сметалык баасы болжолдуу 150 млн сом.
Жаңы маданият борбору долбоорго ылайык, 3 кабаттуу имарат курулат.Борбордо кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөрү, конок күтүү залдары, жер төлөсү жана маданият өкүлдөрүнө керектүү заманбап шарттар каралган.
Белгилей кетсек,
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушун
2026-жылы бүткөрүү пландалууда.


