Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салды.
Төрөгага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев төрөт бөлүмүнүн долбоору менен тааныштырды.
100 орунга ылайыкталган имарат жер төлөсүн кошкондо 4 кабаттан турат. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 250 миллион сомдон ашык каражат каралган. Имарат керектүү шарттар менен камсыздалып, заманбап талаптарга толук жооп берет.
Белгилей кетсек, төрөт
үйүнүн эскиздик долбоору Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана
архитектура департаменти тарабынан даярдалды. Ал эми Курулуш иштери толук
министрлик тарабынан көзөмөлгө алынып, подрядчы уюм катары “Ак-Ат-Сервис” ЖЧКсы
иш жүргүзөт.


