Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү 1 дарегинде курулуп жаткан 16-17 кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш объектисиндеги монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшеришти.
Сыноолор МамСТ 22690-2015 "Бетондор. Бузбаган механикалык ыкмалар менен бекемдигин аныктоо" стандарттарынын талаптарына ылайык аткарылды. Текшерүүнүн максаты темир-бетон конструкцияларынын иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо жана анын долбоордук көрсөткүчтөрдөгү шайкештигин баалоо болду.
Алынган жыйынтыктар курулуш иштеринин сапатын баалоого жана объектти курууда техникалык талаптарга шайкештигин тастыктоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз
Республикасынын Курулуш министрлиги имараттардын ишенимдүүлүгүн жана
коопсуздугун камсыз кылуу максатында курулуштун сапатына системалуу көзөмөл
жүргүзүүнү улантууда.


