icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Урматтуу жарандар! Сак болуңуздар!

Азыркы учурда өздөрүн Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин кызматкери катары тааныштырып, телефон аркылуу шек жараткан билдирүүлөрдү жазып же акча каражатын которууну суранган учурлар катталууда.

Расмий түрдө маалымдайбыз: Министрлик мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жок жана мессенджерлер аркылуу же жеке байланыштар менен акча чогултуу иштерин жүргүзбөйт. 

Сиздерден ар дайым этият болууну, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөнү, мындай фактылар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөбүз.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы