23-октябрда Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук
коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна
болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушуна мезгил
кутусун салды.
Төрөгага Курулуш,
архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык
объектилердин долбоору менен тааныштырды.
Алар:
- Нарын
шаарындагы 100 орунга ылайыкталган 4 кабаттуу төрөт үйү
- Баетов
айылындагы 3 кабаттуу маданий борбору
-
Баетов
айылындагы 2 кабатуу спорт комплекси
Белгилей кетсек, социалдык объектилердин курулушу толук Курулуш
министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, 2027-жылга чейин бүткөрүү пландалууда.


