Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокат райондук башкармалыгы тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Райондук архитекторлор бул ирет Ноокат райондук
прокуратурасынын жаңы имаратынын эскиздик долбоорун даярдады. Долбоордо
заманбап талаптарга ылайык, бардык шарттар каралган.


