icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Прокуратуранын жаңы административдик имараттары курулууда

Нарын шаарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттарынын курулуп жатат. Бардык иштер бекитилген долбоорго ылайык Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, имараттар төмөнкү даректерде курулууда:

— райондук прокуратура—А. Молдоев көчөсү, 170/5;

— шаардык прокуратура—С. Жакыпов көчөсү, 17;

— облустук прокуратура—Ленин көчөсү, 105.

Бүгүнкү күндө:

  • жылуулук тармактарын орнотуу иштери аяктап, электр-техникалык бөлүгү толук аткарылды;
  • фасадды жылуулоо иштери “Сары-Таш” таш плиталары менен жүргүзүлүүдө;
  • чатырдын даярдык даражасы 60% түзөт;
  • сырттагы суу түтүк линиясын төшөө иштери аткарылууда.

Курулуш иштери бардык техникалык талаптарды аткаруу менен, сапат стандарттарынын негизинде улантылып жатат.