Талас облусуна караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан А.Карыпкулов атындагы 3 кабаттуу эски мектеп толук каптиталдык оңдоодон өтүп жатат.
Жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып 2025-жылы башталган. Азыркы тапта курулуш иштери 75 пайызга бүтүп калды. Аткарылган иштер Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек, мектеп 1986-жылы пайдаланууга берилген, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Учурда 600гө жакын бала билим алат.


