icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Жийде айылындагы эски мектеп жаңыланууда

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы орто мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектептин жалпы аянты- 3500м2.

Капиталдык оңдоо иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, “Нур-Ди Строй” ЖЧКсы табарынан жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө, окуу имаратынын ички жасалгалоо жана жылытуу системасын орнотуу иштеринин 90 пайызы бүткөрүлүп, имараттын сырткы иштери уланууда. 

Белгилей кетсек,  мектеп 1990-жылы курулуп, ири капиталдык оңдоодон биринчи жолу өтүп жатат.