icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан КМШнын Курулуш боюнча кеңешинин 46-жыйынына катышты

2025-жылдын 28-октябрында Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңештин 46-жыйыны өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышты.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын курулуш тармагы динамикалуу өнүгүп, өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлеп жатканын белгиледи. Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын арасында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу, шаар куруу процесстерин санариптештирүү, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана “жашыл” курулуш принциптерин киргизүү бар.

“Биз курулуш тармагынын келечегин санариптик технологияларда, энергиянын натыйжалуулугунда жана эл аралык кызматташтыкта көрөбүз. Кыргызстан бул процесстерге активдүү катышууга жана КМШнын бирдиктүү курулуш мейкиндигин түзүүдө өз салымын кошууга даяр”, — деп баса белгиледи Нурдан Орунтаев.

КМШнын Башкы катчысынын орун басары Илхом Нематов Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын жогору баалап, өлкөнүн биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда жана курулуш саясатына инновацияларды киргизүүдөгү активдүү позициясын белгиледи.