icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарына курула турчу айланма жолдун эскиздик долбоору

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты. 

Бул ирет архитекторлор Ош шаарындагы жол кыймылын иретке келтирүү боюнча А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишине курулуучу айланма жолдун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. 

Долбоор ишке ашырылгандан кийин, аталган тилкедеги кыймыл ирээтке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.