icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек шаарындагы үч объект боюнча техникалык шарттар иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кезектеги техникалык кеңешмеси өттү. 

Кеңешменин максаты-“КР КЧ 31-02:2018”  стандарт талаптарына ылайык келбеген объектилер боюнча иштелип чыккан Атайын техникалык шарттарды кароо. 

Каралган объектилер:

1. Бишкек шаарынын Манас айылы көчөсүндөгү  “ГрадСтройРесурс” ЖЧКсынын 2 кабаттуу концерттик жана банкеттик залынын имараты. Объект Бишкек жана Ысык-Ата жаракасынын аймагындагы курулуш ченемдеренин чегинен чыгып кеткендигине байланыштуу Атайын техникалык шарттар иштелип чыкты. 

2. Бишкек шаарынын А.Токомбаев көчөсү № 44/в дарегиндеги Спорттун олимпиядалык оюндарынын түрлөрү жана спорттун-массалык иш чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын имараты. 

3. Орто-Сай айылындагы “Нурзаман Билд” ЖЧКсынын 14-17 кабаттуу турак үйлөрү.