icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чолпон-Атада курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында 74 миллион сомго жаңы бала бакча курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Азыркы тапта курулуштун акыркы этаптары аткарылууда.
Башкы план боюнча бала бакча 120 орунга ылайыкталып, заманбап үлгүдө жасалууда. Имарат эки кабаттан турат, бөбөктөр жана тарбиячылар үчүн бардык шарттар каралып, техникалык жабдуулар менен камсыздалат.