Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылындагы заводдо сертификатталган продукциянын-турак жай жана коомдук имараттар үчүн чыгарылган плиталарынын өндүрүшүнө инспекциялык көзөмөл жүргүзүштү.
Текшерүүнүн алкагында адистер өндүрүштүн технологиялык процессин, буюмдардын сырткы көрүнүшүн, ошондой эле мүмкүн болгон кемчиликтерди жана геометриялык өлчөмдөрдүн бузулушун текшерди.
Мындан тышкары, сыноо лабораториясынын кызматкерлери тарабынан МамСТ 22690-2015 талаптарына ылайык бетондун бекемдигине калыбын бузбай текшерүү ыкмасы менен (Кашкаров балкасы) текшерүү жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн көзөмөл курулуш материалдарынын жогорку сапатын жана алардын мамлекеттик стандарттарга шайкештигин камсыз кылууга багытталып, бул курулуп жаткан объектилердин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн кепилдейт.


