icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Курулушу көп жылга созулган объект быйыл бүткөрүлөт

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Керме-Тоо участкасында көп жылдан бери курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2019-жылы салынып баштаган. Объекттин наркы 14,2 миллион сомду түзөт.

Башкы план боюнча имарат 219 чарчы метрди түзүп, бир кабаттан турат. 24 орунга ылайыкталып, бала бакча заманбап үлгүдө курулду. Быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.