Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бир катар социалдык объектилердеги асфальт-бетондон керн үлгүлөрү алынды.
Текшерүү иштери Орто-Алыш жана Бер-Булак айылдарынын О. Турусматов жана А. Сүйүнбаев атындагы жаңы мектептерде, ошондой эле Таш-Дөбө айылында курулуп жаткан бала бакчада жүргүзүлдү.
Көчмө лабораториянын кызматкерлери төшөлгөн асфальт-бетондон керн үлгүлөрүн физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү боюнча андан ары сыноо үчүн алышты. Талдоонун жыйынтыгы боюнча жол төшөлмөсүнүн сапатынын белгиленген стандарттарга жана талаптарга шайкештигин аныктай турган сыноо протоколу даярдалат.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө боюнча курулуш материалдарынын сапатына комплекстүү көзөмөл жүргүзүүнү улантууда, бул социалдык инфратүзүм объектилеринин ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүүлүгүн камсыз кылат.