Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери уланууда.
Текшерүү учурунда Талас шаарынын К.Нуржанов көчөсүндөгү № 48/2 дарегинде жайгашкан дүкөндүн тиешелүү архитектуралык документтери жок экендиги аныкталды. Буга чейин башкармалык тарабынан дүкөндүн ээсине жазма түрүндө эскертүү берилген.
Жыйынтыгында, белгиленген убакыт ичинде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагындыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, 13 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле, тиешелүу документтерди бүткөрүү талабы коюлду.


