2025-жылдын 6-7-ноябрында Кытайдын Пекин шаарында "Кытай – Борбор Азия 2025" аттуу курулуш конференциясы өттү. Конференция курулуш тармагындагы бир топ олуттуу темаларды жана эки тараптуу атайын жолугушууларды камтыды.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышты. Ошондо эле бир нече мамлекеттин курулуш министрлиги жана ведомстволордун делегациялары, шаар куруу саясаты боюнча улуттук институттар, илимий-изилдөө борборлору, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын курулуш индустриясынын тармактык ассоциациялары жана компаниялары да катышты.
Конференциянын негизги бөлүгүндө министрлер, кийинки бөлүгүндө министрлердин орун басарлары докладдарын окуп, баяндама жасады.
Конференция-курулуш жана архитектура тармагына инновациялык технологияларды киргизүү, энергияны үнөмдөөчү шаарларды өнүктүрүү, ошондой эле өнөр жай жана технологиялык өнөктөштүктү кеңейтүү перспективаларын талкуулоо үчүн негизги эл аралык аянтча болду.
Илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, курулуш стандарттарын макулдашуу, "жашыл" курулуш жана шаар куруу жаатында биргелешкен демонстрациялык долбоорлорду ишке киргизүү, ошондой эле алдыңкы технологиялар жана тажрыйбалар менен алмашууну камтыган Пекин демилгесин илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар Пекин демилгеси узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн куралы болуп, курулуш, шаар куруу жана турак жай саясаты жаатында өз ара толуктап турган долбоорлорду өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.


