Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Нарын облусунун Кочкор районунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплекстеринин бириндеги темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшерди. Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө сыноо лабораториясы тарабынан Кашкаров балкасынын жардамы менен темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди. Алынган маалыматтар аткарылган иштердин курулуш стандарттарына жана коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн баалоого мүмкүндүк берет. Республикалык сертификаттоо борбору өлкө аймагындагы курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын сапатын көзөмөлдөөнү улантып, курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда.


