icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: 1-Май айылында жаңы мектеп курулууда

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылында наркы 74 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Имараттын жалпы аянты 1 974 чарчы метрди түзөт. Башкы долбоор боюнча мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залды камтыйт.

Курулуш-монтаждоо иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүп, “Элдияр Строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.