Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокат райондук башкармалыгы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте дизайн-коддун талаптарына ылайык аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Дизайн-код архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген.Учурда райондун борбордук бөлүгүндө жана бир катар аймактарында коомдук имарат, мекеме жана соода жайларынын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, көрнөк-жарнак такталары бирдиктүү үлгүдө орнотулууда.
Дизайн-код-бул райондун архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын негизги максаты-Ноокат районунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу чөйрө түзүү болуп саналат.


