icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Бир катар көчөлөрдөгү асфальт-бетондун сапаты текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы тарабынан Алтын-Ордо турак жай массивинде, ошондой эле Мыскал, Безымянная, Илим, Республикалык көчөсү жана Эркиндик бульварында төшөлгөн асфальт-бетондун керн үлгүлөрү алынды.

Көчмө текшерүүдө алынган асфальт-бетондун үлгүлөрү физикалык-механикалык көрсөткүчтөр боюнча сыноолорду жүргүзүү үчүн колдонулат. Сыноолордун жыйынтыгы боюнча протокол даярдалып, анын негизинде материалдардын сапатынын белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкеш келүүсү боюнча баа берилет. 

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору шаардыктар үчүн жол инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн, узак мөөнөттүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу менен курулуш материалдарынын сапатын көзөмөлдөө боюнча системалуу иштерди улантууда.