Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен “Синерджи” спорттук иш-чаралар агенттиги тарабынан уюштурулган футболдук турнир – Курулуш лигасы (К-лига) жыйынтыкталды.
Курулуш тармагындагы кызматкерлер арасында биринчи жолу уюштурулган футболдук турнирге жалпы 8 команда катышып, финалдык беттешке 4 команда өткөн. Соңунда “NN Групп” компаниясынын командасы чемпион болуп, Курулуш лигасынын кубогуна ээ болду. Ал эми 2-орунду Курулуш министрлигинин “Минстрой” курама командасы, 3-орунду “А плюс” компаниясынын кызматкерлеринен куралган команда алды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.
Белгилей кетсек, курулуш тармагында биринчи жолу өткөрүлгөн футболдук турнир 19-октябрда министр Нурдан Орунтаевдин катышуусунда башталган. Финалдык чечүүчү беттеш 9-ноябрда борбор шаарыбыздагы “Алга” спорт комплексинде өттү.
Футболдук турнирдин негизги максаты - тармак ичиндеги ынтымакты бекемдөө, кызматташууну өнүктүрүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу.


