Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында 75 миллион сомго жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылды.
Жалпы аянты 1546 чарчы метр болгон имарат: 225 орундуу окуу курпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Курулуш иштери “Сапат Стандарт” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.
Белгилей кетсек, эски мектеп 1964-жылдары курулган.


