Бүгүн, 11-ноябрда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагындагы базалык уюмунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов, КМШга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар жер титирөөгө туруктуу курулушту өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ченемдик-техникалык документтерди шайкеш келтирүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле, имараттар менен курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга жана өз ара тажрыйба алмашууга багытталган инновациялык технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Белгилей кетсек, иш-чара “Казак курулуш жана архитектура илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту” Ачык акционердик коому (КазНИСА ОАО) тарабынан уюштурулду. Жыйын Казак башкы архитектура-курулуш академиясынын (КазГАСА) базасында өттү.


