icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Мыйзамсыз курулган объект боюнча чаралар көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан Баткендеги курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Ак- Булак айыл аймагынын Механизатордук көчөсүндөгү фельдшердик-акушердик пункту курулуш реестрине катталбай, уруксат кагаздары жок курулгандыгы аныкталды. 

Натыйжада, өз билемдик менен курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарып, курулуштун техникалык регламенттерин бузган “Анвар Групп” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлдү. Башкармалык тарабынан Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.