icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын филиалы ачылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалы ачылды. 

Курулуш Министри Нурдан Орунтаевдин буйругунун негизинде министрдин орун басары Талант Иманакун уулу жаңы ачылган филиалдын кызматкерлерин куттуктап, аймактагы курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө бул филиалдын ролу чоң экенин белгиледи. 

Өлкө аймагында курулуш иштери жылдан жылга көбөйүп, аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы күчөп жаткандыктан бул филиалдын ачылышы региондордогу курулуш иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү кадрларды жана ресурстарды тартууга өбөлгө түзөт.

Филиалдын негизги милдети–мамлекеттик курулуш объектилерин ишке ашыруу, долбоорлордун аткарылышын координациялоо жана сапаттык көзөмөл жүргүзүү болуп саналат. 

Белгилей кетсек, буга чейин ишкананын Ош шаарында филиалы ачылган жана ал аймактагы бир катар маанилүү курулуш долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып келет.