icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Дүйшөн Омуралиевге “Ардактуу архитектор” төш белгиси ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, архитектура жана курулуш тармагына чоң салым кошкон ардагер архитектор Дүйшөн Омуралиевге “Кыргыз Республикасынын Ардактуу архитектору” төш белгиси ыйгарылды.

Төш белгини министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев тапшырып, ардагердин көп жылдык талыкпаган эмгегин жана курулуш тармагына кошкон зор салымын белгиледи. Дүйшөн Омуралиев ардагер архитектор, профессор, шаар куруу жана архитектура тармагындагы ири долбоорлордун автору, ошондой эле архитектура тармагындагы көп жылдык эмгеги бар мугалим. Алсак, “Ак-Өргө” конушу, Таластагы тарыхый-мемориалдык комплекс, Бишкек шаарындагы "Манас айылы" этномаданий жана ландшафттык комплекси Дүйшөн Өмүралиевдин долбоорунун негизинде курулган. 

Өзүнүн эмгек жолунда бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Эл аралык архитекторлор союзунун Гран-приси, Мамкурулуштун Ардак грамотасы жана Кыргыз Респуликасынын Президентинин Ардак грамотасы ж. б.

Курулуш министрлиги тарабынан тапшырылган бул төш белги анын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымынын жогорку баасы.