icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Алай районундагы курулуш объектилери текшерилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Алай районунун аймагында курулуп жаткан социалдык объекттерге карата комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө.

Башкармалык тарабынан Кең-Жылга айылындагы 275 орундуу Ж.Алимов атындагы мектеп, Тайчабаров атындагы 150 орунду орто мектеп жана Тогуз-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулуш-монтаждоо иштери текшерилди. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө куруучулар тарабынан курулуш жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталды. Натыйжада акт түзүлүп, 3 объектинин курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бай-Мен” ЖЧКсы, “Эрбол строй сервис” жана “Сирус Строй” ЖЧКсына карата кетирген кемчиликтерин жоюу тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди. 

Урматтуу подрядчы уюмдар, Курулуш министрлиги курулуш иштерин көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык жүргүзүүгө жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.