Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчмө иш сапары менен барды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көчмө лабораториянын адистери төшөлгөн асфальт-бетондон керн үлгүлөрүн тандап алды. Тандалган үлгүлөр алардын физикалык-механикалык касиеттерин аныктоо үчүн сыноого жөнөтүлдү.
Лабораториялык сыноонун жыйынтыгы менен жолдун сапатын жана аткарылган иштердин ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келээрин баалоого мүмкүндүк берет.


