icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Президент Садыр Жапаров “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусундагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш иштери боюнча маалымат берип, объект менен тааныштырды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт.

“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат”, - деди Президент.

Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн бул комплекс 9 корпустан туруп, шаардын маданий жана экономикалык борборуна айланат.

Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт. 

Белгилей кетсек, мындай долбоор Талас облусунун тарыхында биринчи жолу курулуп жаткан ири оюн-зоок борбору болуп саналат. 1991-жылдан бери каралбай калган эски “Жеңиш” паркы эми жергиликтүү тургундар үчүн келечектин реалдуу объектиси аталып, “Баластан” оюн-зоок борборуна айланат.