icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Президент “Манас-Ордо” комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салды

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексинин оңдоп-түзөө иштерине мезгил кутусун салды. Президентке Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. 

Президент өз сөзүндө “Манас-Ордо” улуттук тарыхый-маданий комплексин жаңылоо аркылуу туризм тармагы өнүгүп, кыргыз маданияты жана “Манас” дүйнөсү эл аралык деңгээлде таанылат деп белгиледи. 

“Манас-Ордо” комплексин реконструкциялоо – өтмүшүбүзгө сый-урмат көрсөтүү, бабалардан калган ыйык таберикти келечек муунга аманат калтырып, келечек муунга өткөрүп берүүгө умтулуу”-деди Садыр Жапаров. 

Андан соң Президент Манастын күмбөзүнө зыярат кылды. 

“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектар. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап жана улуттук стилде чагылдырылат. 

Долбоорго ылайык, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга жөндөмдүү болгон Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат. Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексинде административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулат. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея жана 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган. 

Эске салсак, 1976-жылы учурдагы “Манас-Ордо” комплексинин аймагында адабий-этнографиялык музей ишке кирген. Кийин музейге “Мамлекеттик Манас күмбөзү музей-коругу” макамы ыйгарылган. 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата “Мамлекеттик Манас-Ордо комплекси” катары кайра негизделген. Ал эми 2001-жылы улуттук статус макамына ээ болгон. 

Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдагы реконструкция иштеринен өтүп жатат. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин “Манас-Ордо” комплексинде 200дөн ашык жумуш орундары түзүлүп, өлкө экономикасы менен туризмин өнүктүрүүгө салым кошуучу маанилүү социалдык борборго айланат.