Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарынын борбордук паркындагы реконструкция иштери менен таанышты.
Президентке Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Реконструкция иштери быйыл июнь айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 5 гектарды түзгөн паркта жаңы аттракциондор орнотулуп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуш иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек,
борбордук парктын аттракциондору 2008-жылы эскилиги жеткендигине байланыштуу
пайдаланууга жараксыз болуп калган. 17 жылдан кийин кайра жаңыланууда.


