icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Араван району дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван башкармалыгы Араван райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте дизайн-коддун талаптарына ылайык аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Дизайн-код Араван райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилип, учурда райондун борбордук бөлүгүндө жана бир катар аймактарда коомдук имарат, мекеме жана соода жайларынын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, көрнөк-жарнак такталары бирдиктүү үлгүдө орнотулууда. 

Дизайн-код—бул райондун архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын негизги максаты—Араван районунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү болуп саналат.