icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Озгур айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарына караштуу Озгур айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 104 миллион сомду түзөт.

Башкы план боюнча мектептин аянты 2099 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттуу окуу корпусу, өтмөк галерея, жыйындар жана спорт залы каралган.

Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптын негизинде аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.